Ош шаарында мектеп окуучуларынын арасында «Жоокер ыры» кароо сынагынын Облустук туру өткөрүлдү. Сынакка Ош облусундагы 7 райондун окуучулары катышып, жыйынтыгында «Атуулдук ырлар» номинациясы боюнча Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Көчкөнбаева Жумагүл 1-орунга, «Согуш жылдарындагы ырлар» номинациясы боюнча Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Сапаров Эрбол 1-орунга, «Көркөм окуу» номинациясы боюнча К. Колдошев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Шайдуллаева Сезимгүл 1-орунга ээ болуп сынактын республикалык этабына жолдомо алышты.
Сынактын жеңүүчүлөрү
Ноокат районунун Билим берүү бөлүмүнүн методисти Кожонберди Кубатов сынактын максаты балдарды мекенчилдикке үндөө экенин билдирди:
«Коргоо жана Билим берүү министрлиги тарабынан «Жоокер ыры» кароо сынагына буйрук келген, ошол буйруктун негизинде сынакты бир канча этаптар менен өткөрүп алдык. Бүгүнкү облустук турга Ноокат районунан алып келген 3 окуучум 3 номинация боюнча 1-орунду камсыз кылышып республикалык этабына жолдомо алышты.»
Даярдаган: Мухаммадамин Токтосунов