Гепатиттин «А» түрү бул жеңил жана кир колдон, таза эмес суудан, чала жуулган жашылча-жемиштен жугат. Аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Ак-Талаа РЖДПБнун врач-инфекционисти Айдай Эсенбекова гепатиттин А түрү боюнча буларды айтты:
Айдай Эсенбекова Ак-Талаа РЖДПБнун дарыгери
“1 жаштан 25-29 жашка чейинки адамдар чалдыгат. Анткени бул курактагылар же колдорун же жер-жемишти таза эмес жуушат. Вирус адамдын организмине кирген ичегилерден канга, андан боорго барып такалат да, клеткаларын жабыркатат. Эң жеңил түрү жана адамга оңой жукканы үчүн мезгилдүү жана циклдик болуп бөлүнөт. Жай менен күзүндө келет. Бул ооруну саякатчылардын оорусу деп да коюшат.
Гепатиттин түрлөрү бирине-биринен өтпөйт, тактап айтканда илдеттин А түрү В.С, Е, Дга өтүп кетет деген жок. Ар биринин өзүнүн башка-башка вирусу, себептери бар, оор түрү кан аркылуу жуккан В менен С. Бейтап гепатиттин С түрүнө кабылса, ал боордун церрозуна алып келет да, трансплантациялоо ж.б кесепеттери болот” -деди А.Эсенбекова.
Гепатит алгачкы белгилери билинмейинче сасык тумоого окшош сыяктуу дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, жүрөгү айланат. Жашыруун мезгил жалпы 7 -50 күнгө чейин, ал эми орто алганда 21 күн. 21-күндүн акыркы учурларында заарасы кочкул кызыл, заңы агарып баштайт. Ошондой эле ооз көңдөйү, каректин айланасы саргарат. Дарыгер А.Эсенбекова гепатиттин А түрү менен жабыркаган адам белгилүү бир мезгилге чейин эрежелерди сактап туруусу керектигин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова