1912-жылы 5-майда «Правда» газетасынын биринчи саны жарыкка чыккан. Кийин ошол күндү советтик бийлик орногон жылдарда он беш мамлекеттин башын кошкон Советтер Союзунун Басма сөз күнү катары белгиленип келген. Бирок, ошол мамлекеттер өз алдынча бөлүнүп, эгемендикти колго алган жылдан тартып, ар бири өз майрамын өзү белгилей баштады.
Бизде Басма сөз күнүн 7-ноябрга жылдырып алдык. муну алгачкы улуттук «Эркин-тоо» (азыркы “Кыргыз туусу”) газетасынын биринчи саны чыккан күн менен байланыштырдык. Кыргыз Өкмөтү 1993-жылы атайын токтом кабыл алып, 7-ноябрды жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары бекитти.
«Эркин-тоо» гезитинин алгачкы сандарынан. Ал кезде гезит араб арифинде жазылып, чыгып турган.
Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсү, ички –тышкы саясаты, элибиздин көңүл жылыткан кубаныч сүйүнүчтөрүн, жаралып жаткан жакшы жышаана,жаңылыктар, ачылыштар, жарандарыбыздын жан дүйнөсү, ийгилик менен кемчиликтер, азап менен түйшүктөрдү тажабай айта да, жаза да берген, коомчулукка жеткирген журналисттердин эмгеги эмеспи. Эгерде журналисттер болбосо коом кантмек да, эл маалыматты кайдан алмак? Ааламды карангылык каптап, айрыкча азыркы илим менен техника өнүгүп, адам баласы жалаң гана маалымат айдыңында жашап калган чакта биздин кызмат аба менен суудай эле зарыл болуп турганын тана албайбыз да. Андыктан бул кесипти аркалап жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз.
Даярдаган: Айсулуу Нурматова