Сокулук районуна караштуу Жал айылында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өтүүдө. Шайлоо участкасында Орок айыл аймагындагы Жал жана Сарбан айылдарындагы жашоочулар добуш берип жатышат.
№7236 участкасынын жоопту катчысысы Элмира Айдарованын айтымында, 966 шайлоочунун келип добуш берүүсү күтүлүүдө.
“2017-жылдын 15-октябярындагы президентти шайлай турган күнүбүз жакшы өтсүн деп үмүтөнүп жатабыз. Шайлоонун жүрүшү жакшы 10% болуп калды. Эртең менен үч төрт партиянын байкоочулары келип каттоодон өтүштү”, — деп оюн билдирди.
Аталган участканын оператору Адилет Аманов шайлоонун жүрүшүндө эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес.
“Шайлоочулардын келүүсү начарыраак. Учурда шайлоого 147 киши гана келди, бул жалпы шайлоочулардын 16% түзөт. Шайлоочулар 30-сентябрга чейин шайлоо тизмесинен өздөрүн текшербегендигинен өзүлөрүнө тоскоолдук жаратып жатышат. Себеби бул жерден аты-жөндөрү чыкпай калууда. Жарандарга 30-сентябрга чейин өзүңөрдү тизмеден текшериңиздер деген теле жана радио аркылуу берилген маалыматтарга көңүлдөрүн бурбагандыктан ушундай учурлар болууда”, — деп оюн толуктап кетти.
КСДП патиясынан байкоочу болуп олтурган Нуржамал Абдыкадырова:
— Бүгүнкү шайлоо ачык өтүп жатат. Элдин агымы акырындан келүүдө. Кечке чейин дагы көптөгөн тургундар үй- оокаттарынан бошоп келишет деп байкоочулар өз ара пикирлешип отурабыз. Элдер татыктуу президентти шайлаганга өздөрүнүн добушун беришет го деп ойлойм.
Сарбан айылынын тургуну Жумаш Бекмурзаев “Шайлоо мезгилинде такай эле шайлоого катышып, Кыргызстан жакшы тарабынан өсүшү болсун, элибизде тынччылык болсун деп шайлоого келдим” деген оюн билдирди.
Сокулук маданият үйүнүн директору Нурзат Ажыгожоева “Бүгүнкү шайлоого катышуучулар активдүү экен, мага жагып жатат. Шайлоо тынч өтүүдө, эң негизгиси — эл өз каалоосу менен добуштарын берүүсү” деди.
Даярдаган: Динара Султаналиева