Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жайгашкан №5376 шайлоо участкасында президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгон жок.
Жалпысынан бул участкада 1446 шайлоочу бар. Анын 785и шайлоого катышып, 14ү жараксыз болуп табылды. Саат 13:00гө чейин шайлоочулардын 37 пайызы өздөрүнүн добушун беришти.
№5376 шайлоо участкасынын оператору Айтолкун Шадыбекова эч кандай мыйзам бузуулар жана техникалык катачылыктар болбогонун билдирди.
«Баарынын эле тизмеси чыгып жатат. Кээ бирөөлөрүнүкү эле чыкпай калды, ал эми өздөрүнүн күнөөсү, башка жакта учетко туруп анан бул жака которгон эмес.»
Кеңеш айыл өкмөтүнүн депутаты Зиягул Козу кызы «Биз шайлаган президент элдин кызыкчылыгын ойлогон болсо, көптөгөн жаштарыбыз чет өлкөдө жүрөт агылып, ошолор үчүн дагы ишканалар ачылып өз өлкөлөрүнө келишсе» деп билдирди.
Айыл тургуну Гүлнура Калылова биринчи жолу шайлоого катышып жатат. Бирок ал эч кандай кыйынчылыксыз эле шайлаганын айтты.
«Эч кандай кыйынчылык болгон жок. Президент болгон адам эн негизгиси элге кызмат кылса», — дейт Калылова.
Пенсионер Шахадат Шадманова «Азыр аябай жакшы болуп калыптыр, мурда жөн эле кагаздарга жазып урнага салып койчубуз. Президент биздин пенсияларыбызды көбөйтсө, жаштарды оңолтуп окуу жайларды жалаң гана бюджет кылса, жакшы болмок» деди.
Шайлоонун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбековго 540 добуш, Өмүрбек Бабановго 160 добуш, Адахан Мадумаровго 66 добуш, Улукбек Кочкоровго 2 добуш, Азимбек Бекназаровго 2 добуш берилди.
Даярдаган: Аймончок Кожонова