Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март — дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет.
8-март — Айымдардын Эл аралык майрамы. Аялдар күнүн белгилөө жөрөлгөсү байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет. Байыркы Рим шаарында Аялдар күнү үй-бүлөлүү зайыптар күйөөлөрүнөн белек алып, алар көңүл борборуна айланып, тиричилик түйшүгүнөн аз да болсо узакташкан экен. Күндөр өтүп, жыл кылымга алмашып, акыры америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорк шаарында митингге чыгышкан. Ошентип, Аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган. Бир жыл өтүп америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салып, 1913-жылга чейин белгиленген.
Ал эми 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан. Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Негизги максаты — бул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон.
Учурда 8-март улуттук майрам катары белгиленип, дээрлик бардык өлкөлөрдө дем алыш күн. Бирок Лаосто жана Мадагаскарда — бул күн айымдар үчүн гана дем алыш. Ал эми Кытайда аялдар үчүн иш күнү кыскартылган. Европа өлкөлөрүндө бул күн кызыл эмес, бирок аялдардын укуктары үчүн ар кандай митинг, жыйын жана жүрүштөр өтөт.
8-мартка 8 суроо: Кыргызстан аялдары жөнүндөгү билимиңизди текшериңиз
Барчын Мамытбекова