Кыргызстанда акыркы жылдары алдамчылык схемаларынын саны өсүп, жарандардын маалыматтык коопсуздугу олуттуу коркунучка дуушар болууда. «Чекит Медиа» платформасынын жетекчиси жана фактчекер Асел Сооронбаева медиа сабаттуулук менен сынчыл ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгү тууралуу олуттуу ойлорун ортого салды.
«Чекит Медиа» платформасынын жетекчиси жана фактчекер Асел Сооронбаева
Шылуундардын шексиз өсүшү
Акыркы 2-3 жылда алдамчылык схемалары өзгөчө активдешти. Асел Сооронбаеванын айтымында, бул көрүнүш экономикалык кризистин, пандемиянын кесепеттеринин, ошондой эле дүйнөлүк саясий жана социалдык кырдаалдын натыйжасы. Мурда карапайым жарандарды алдаган учурлар аз болсо, азыр бул көрүнүш системалуу жана көп түрдүү болуп калды.
Шылуундукка байланыштуу жалган маалыматтын өсүшү дагы байкалууда. Бул көрүнүш акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Экономикалык абалдын начарлоосу, инфляциянын өсүшү, Россия менен Украина ортосундагы согуш жана коронавирус пандемиясынан кийинки дүйнөлүк кымбатчылык шылуундардын жаңы схемаларды жаратуусуна шарт түздү.
Асел Сооронбаева шылуундардын схемаларын түшүндүрүп, алардын жаңы ыкмаларды кантип ойлоп табарын белгиледи:
«Биз бир схеманы төгүндөп бүткүчөктү, алар жаңы схема ойлоп таап чыгарып жатышат. Мисалы, банктардын жана мобилдик банк системаларынын атын жамынып, адамдардын акчасын жоготууга алып келүүчү түрдүү ыкмаларды колдонушууда. ДемирБанк жана башка ири банктар, телефон аркылуу насыя берүү схемасы жок экенин дайыма эскертип келишет. Бирок шылуундар бул сыяктуу жалган маалыматтарды таратып, адамдарды алдоону улантууда».
Банктардын атын жамынган шылуундар
Шылуундар көбүнчө банктарды жана мамлекеттик органдарды пайдаланып, жарандарды алдап кетишет. Асел Сооронбаева мындай мисалды айтып берди:
«Шылуундар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, ал тургай аватарларына ички иштер министрлигинин эмблемасын коюшат. Алар адамдарга телефон чалып, сиздин атыңыздан насыя алынганы жатат деп кабарлап, ошол насыяны алуу үчүн терминал аркылуу акча которууну сунушташат. Мындай окуялардын биринде жабырлануучу 150 миң сом насыя алып, аны шылуундун көрсөтмөсү менен терминал аркылуу которгон».
Адамдарга мындай учурларда төмөнкү чараларды көрүү сунушталат:
Алдамчылык схемаларынын түрлөрү
Асел Сооронбаева эң кеңири тараган алдамчылык схемаларын төмөнкүдөй классификациялайт:
Телефон аркылуу алдоо:
Шылуундар банктардын же мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болуп өздөрүн тааныштырып, жарандардын каржылык маалыматын алууга аракеттенишет. Алар «сиздин атыңыздан насыя алууга аракет болуп жатат» деп, коркутуу жолу менен акча которууну талап кылышат.
Telegram жана социалдык медиадагы топтор:
«Алхамдулилях» сыяктуу топтор аркылуу жарандарды оңой жана тез киреше табууга азгырышат. Алдамчылар акчаңызды көбөйтүп беребиз деген убада менен жарандардын ишенимине кирип, каражатты алдап алып кетишет. Көпчүлүк учурларда, алданган адамдар өздөрү эле кайра башкаларды алдоого аралашып калганын аңдашпайт.
Көчмө түзүлүштөрдү колдонуу:
Симбокс аппараттары аркылуу эл аралык телефон чалууларды жергиликтүү номерлер катары көрсөтүп, алдамчылык кылышат. Мындай схемаларга иш издеп жүргөн жарандар аралашып, шылуундарга жардамчы болуп калган учурлар көп.
Кыймылсыз мүлк жана унаа ижарасы боюнча алдоо:
Шылуундар интернетке жалган сүрөттөрдү жана маалыматтарды жайгаштырып, акча которулгандан кийин байланыштарын үзүп коюшат. Кыргызстанда батир издеп жүрүп, мындай схеманын курмандыгы болгон адамдардын саны күн санап көбөйүүдө.
Жасалма документтер жана айдоочулук күбөлүктөр:
ТикТок сыяктуу платформаларда айдоочулук күбөлүк сатып алуу сунуштары көбөйдү. Шылуундар жарандардын паспорт маалыматтарын алып, фальсификацияланган документтерди сунушташат.
Фейк маалыматтар жана жасалма акыл
Жасалма акылдын өнүгүшү менен шылуундар жаңы ыкмаларды колдонуп жатышат. Deepfake технологиясы президенттердин, атактуу адамдардын, мамлекеттик кызматкерлердин үндөрүн туурап, жалган маалыматтарды ишенимдүү кылып көрсөтүүдө. Асел Сооронбаеванын айтымында, бул жаңы ыкма адамдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн текшерүүгө чоң сыноо жаратат.
Шылуундардын эң белгилүү мисалдары
4 миллион сомду жоготуу окуясы:
Шылуундар унаа сатуу боюнча иш жүргүзгөн адамга байланышып, аны ишенимге киргизүү үчүн абдан ишенимдүү ыкмаларды колдонушкан. Аларды аймактагы адамдардан жалган документтерди жана жасалма компаниялардын атын жамынуу аркылуу ири суммадагы каражатты которууга көндүрүшкөн. Жыйынтыгында, 4 миллион сом уурдалып, ал акча чет өлкөдөгү эсептерге которулган. Окуя учурда иликтенип жатат, бирок каражатты кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү өтө аз экендиги белгиленүүдө. Алдамчылыкка аралашкан ортомчу адамдардын бир бөлүгү кармалган, бирок негизги уюштуруучулар чет өлкөдө болгондуктан, алардын жоопкерчиликке тартылышы кыйын болуп жатат.
Телеграмдагы «100% кепилдик»:
«Алхамдулилях» сыяктуу топтор шылуундуктун популярдуу мисалдарынын бири. Бул топтордо катышуучуларга 3 миң сом инвестиция кылып, 5 сааттын ичинде акчаны 30 миң сомго чейин көбөйтүүгө убада беришет. Көп учурда алдамчылар алгач ишеним жаратуу үчүн жасалма видеолорду жана күбөлөрдү колдонушат. Алданган адамдардан видеокайрылуу жаздырып алуу шылуундардын негизги стратегиясынын бири. Алар бул видеолорду башка адамдарды алдоо үчүн пайдаланышат. Жыйынтыгында, акчасын салгандар каражаттарын жоготушуп, топтун администраторлору аларды блоктоп коюшат. Окуялар тергелип жатканына карабастан, бул схема дагы эле көп адамдарды алдоону улантууда.
Криптовалютаны алмаштыруу:
Криптовалюта алмаштыруу схемасы шылуундардын заманбап ыкмасы болуп эсептелет. Шылуундар чет өлкөлөрдө иш жүргүзүп, Кыргызстандагы жергиликтүү жардамчыларды жалдашат. Алар акча которуу процесстерин жөнөкөйлөтүү үчүн Симбокс сыяктуу технологияларды колдонушат. Симбокс аппараты телефон номерлерди жасалма түрдө алмаштырып, шылуундардын аракеттерин байкоого тоскоолдук жаратат. Мындай схема аркылуу ири суммадагы криптовалюталар сатылып, андан түшкөн каражаттар шылуундардын чет өлкөлүк эсептерине которулат. Жергиликтүү жардамчылар ортомчу катары гана катышып, көбүнчө аз суммадагы сый акы алышат, бирок бул иш-аракеттерди жасоодо өздөрү да кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышат.
Медиа сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү
Асел Сооронбаева шылуундарга каршы күрөштө медиа сабаттуулуктун маанилүүлүгүн белгилейт. Анын айтымында, төмөнкү чаралар жарандарды коргоодо негизги ролду ойнойт:
Маалыматтын коопсуздугу — ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги. Шылуундарга каршы күрөштө сынчыл ой жүгүртүү, медиа сабаттуулук жана жоопкерчиликтүү мамиле негизги ролду ойнойт. «Чекит Медиа» сыяктуу платформалардын ишмердүүлүгү коомдун бул багытта сабаттуу болуусуна чоң өбөлгө түзүүдө.
Жарандар маалыматтарды кабыл алууда текшерүүнү адат кылып, эмоцияга берилбегенде гана алдамчылыктан оолак боло алышат. Бул — ар бирибизге тиешелүү эң маанилүү кадам.
Айгерим Кубатбекова, Айпери Марлесова
Редактору: Назира Жусупова