Лейлек райноуна караштуу Сумбула айыл Өкмөтүнүн Искра айылындагы 84 жаштагы жалгыз бой карыясы Кенже Минжигитовдун жашаган үйү жергиликтүү жаштардын демилгеси менен жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен толук ремонттон өткөрүлдү.
Бул тууралуу Искра айылынын айыл башчысы Абдимомун Сулайманов төмөнкүлөрдү айтты.
«Минжигитов Кенже аксакалга айыл Өкмөтү тарабынан ар тараптуу жардамдар үзүлбөй берилип келет. Социалдык тармактарга эл аралык бир уюм тарабыдан жогорудагы аксакалдын жашап жаткан үйү жарыяланып, бир топ талкууну жараткан, ошол талкуудан кийин айылыбыздын патриот жаштары демилге көтөрүп 84 жаштагы карянын үйүн ремонттон өткөрүп, төшөнчү паластарын жаңы сатып бердик. Жогорудагы ишке 75 миң сомго жакын акча сарпталды.
Карыя ремонттолгон үйүндө
Карантин учурунда гүлдөрүнө өзгөчө маани берген чоң эне
Абдураим Жураев