Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Баарын ҮМБнын №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунда сегиз орундуу күндүзү кабыл алуучу стационар уюшулду. Анда бир дарыгер иш алып барат.
Саат 8:00дѳн баштап саат 5:00гѳ чейин иштейт.
№9 үй-бүлѳлүк даарыгерлер тобунун башкы дарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызы: “Бейтаптар биринчи Ноокатка барып рентгенге түшүп келишет. Анын жыйынтыгы менен күндүзгү стационарга келип дарыланышат”,-дейт.
Стационарда даарыгерлер үчүн бардык керектүү коргоочу жабдыктар камсыздалган жана ошондой эле күнүнѳ 5-6 жолу дезинфекцияланып турат.
Демѳѳрчүлѳр тарабынан бир кычкылтек концентратору алынганын жана Россиядан дагы бир концентраторду Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Россияда иштеген жарандары салып жибергенин башкы дарыгер билдирди.
Куу-Майдан айылынын пенсионерлери карантин учурунда ѳкмѳт пенсияны ѳз убагында бергенин билдиришти
Аймончок Кожонова