Арстанбап айылынын так ортосундагы базарда жарманке болуп өттү.
Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн аймагында аптанын шаршемби жана жума күндөрү айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жарменкеси уюштурулду.
Жарменкеде азык-түлүк жана айыл-чарба продукциялары базардан арзан баада сатылып жатат.
Мисалга алсак, базарда жылкы эти 420-450 сом болсо, жарманкеде 380 сомдон сатылды.
Өткөрүлүп жаткан иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев жана тийиштүү мекеме уюмдун жетекчилери катышып, сатылып жаткан продукциялардын баалары менен жеринде таанышты.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Сабира Ражапова:
«Мен бүгүн жарманкени билбей эле базарга келдим эле. Бул жака келип, жарманке жөнүндө угуп, бааларын салыштырып көрдүм. Чынында базар баасынан арзан. Үйгө азы-түлүк алдым. Уюштуруучуларга рахмат. Элди ойлоп, жарманке өткөрүшүп, жардам берип жатышат. Мындай иш- чаралар көп болсо».
Жайма базар элдерге тоскоолдук жаратууда
Гүлназ Камбаралиева