Улуу Жеңиш күнүнө карата Ата-Мекендик согушука катышкан ардагерлер чакырылып, аларга сый көрсөтүлдү. Алардын урматына мекетпердин окуучулары концерттик программаларды тартууланды.
Улуу Жеңиш майрамы бугун Үч-Коргон айылындагы борбордук аянтта белгиленди. Анда Үч-Коргон айылынын өкмөтү Абдурахманов Ахматжан сөз алып, согуш ардагерлерине жалпы Үч-Коргон айылынын тургундарынын атынан ыраазычылыгын билдирди.
«Мына бүгүн биз жалпы Үч-Коргон айыл өкмөтү, айыл тургундары менен биргеликте Улуу Жеңиш майрамын дагы бир ирет белгилөөдөбүз. Жыл өткөн сайын ардагерлерибиздин саны азайып барууда. Биз аталарыбыздын эрдиктери үчүн, ушул жакшы жашоого алып келгендиктери үчүн канчалык сый-урмат көрсөтсөк да аз», — деп билдирди айыл өкмөт башчысы Абдурахманов.
1941-1945-жылдарда курман болгон баатырлардын эстелигине гул коюлуп, маркумдардын урматына куран окулду.
Улуу Жеңиштин ардагерлери Хотамов Умарали жана Тойгонбаев Шамайга 50 миң сомдон, эмгек ардагерлерине беш миң сомдон берилди. Майрамдын экинчи бөлүгүндө ардагерлер жана келген айыл тургундарына концерттик программалар тартууланды.
Даярдаган: Нусраттулаев Сайёдбек
Сынак үчүн