Билал Исаковдун демилгеси менен2015-жылы Учкун айылында мечиттин курулуш иши башталган. Ал эми азыркы учурда мечитке мунара орнотуу иштери жүрүүдө.
Мечиттин куруучусу Билал Исаковдун шаарда болгондугуна байланыштуу, биз мечиттин курулушу тууралуу толук маалымат ала албадык.

Мунара орнотууга атайын башка жактан усталар келишкен. Усталардын бири Кайрат Алашов мунараны 20 күндүн ичинде бүтүрүшөөрүн айтууда.
«Биз ушуга чейин 200гө чукул мечиттерде иштедик жана мен өз бригадам менен 10 жылдай чогуу иштедим. Билал байке менен иштешип жатканыбызга бир жумадай болуп калды», — дейт Алашов.
Айыл тургуну Нурлан Мелис уулу мечит курулуп жаткан жерди Билал Исаковго мындан эки жыл мурун 30миң сомго берген.
«Мен бул мечитке жакын жашагандыктан, бош убагымда кирди-чыкты усталарга жардамымды жана кээде тамак ашымды дагы даярдап берип турсамбы деп ойлоп жатам», — дейт ал.

Билал Исаков менен аз убакыт болсо да телефон менен байланышканыбызда, күзүндө мечиттин курулушун бүткөрөөрүн пландап жатканын айтты.

Мелис уулунун кошумчалашынча, мечитке ашар жолу менен жардам беришсе, иш алдыга жылат.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек Муканбет уулу
Сынак үчүн