Ноокат районунун Куу-Майдан айылында арыктарды тазалоо иши жүрүүдө. Арыкты тазалоо ишин айыл тургундары ашар жолу менен кылууда.
Айыл тургундарынын бакчасына суу келбей, эгиндерин сугарууда кыйынчылыктар жаралып келген болсо, эми жашоочулар чогулуп бул маселени чечишти.

Куу-Майдан айылынын жашоочусу Абдиламит Толубаевдин айтуусунда, арыктар тазаланып, эл кубанууда.

Андан сырткары маселени чечүү үчүн эл акча чогултулуп, суу түтүктөрүн сатып алып орнотушту.

Сыпанын башчысы Асан Эрматовдун айтымында, бакчасын буга чейин көпчүлүк үй-бүлөлөр кранттардан сугарышчу.
«Бирок андай болсо да эгиндери жакшы деңгээлде болбогондуктан, арыктарды тазалайы дешип тазалоо ишин жүргүзүп жатышат», — дейт Эрматов.

Ар бир үй-бүлө 100 сомдон акча чогултуп, арыктар тазаланып, трубалар орнотулду.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн