Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Алыш айылынын Козубай орто мектебинин мугалимдери компюьтердик курсун аяктап, «Медиа РАЙ» коомдук фонду тарабынан сертификаттарга ээ болушту.
Бүтүрүүчүлөрдүн арасында компюьтердик окууну мыкты өздөштүргөндүгү үчүн Күмүшай Алибекова алтын сертификат жана 500 сом өлчөмүндө стипендия менен сыйланды.
«Бизде компьютер боюнча окуу курстарынын ачылгандыгы жакшы болду. Буга чейин биз өзүбүздөгү компьютерлерди колдонгонду билбейт элек. Мына эми эки айлык окууну аяктап жакшы өздөштүрүп алдык. Мындан кийин бир эле мектепте иштебестен айыл өкмөттөрдө жана башка жерлерде кошумча иштөө мүмкүнчүлүгү жаралды», — деп билдирди Күмүшай Алибекова.
«Медиа РАЙ» коомдук фонду 2016-жаңы окуу жылында курстарды кеңейтип, башка айылдарга да жайылтууну пландаштырылууда.
Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл өкмөтүндө жайгашкан №33 кесиптик лицейинин мугалимдери да кошумча курстарга болгон суроо-талаптарын билдиришкен.
«Козубай орто мектебинин мугалимдерине бираз болсо да жардамыбыз тийип, аларга кошумча жумуш табууга өбөлгө көрсөттүк деп ойлойм. Мындан сырткары ушул эле айылдын Мадарипов орто мектебинин окуучуларына да курс өтүлүп, аларга да жакын күндөрдө сертификат тапшырылуусу керек», — дейт «Медиа РАЙ» коомдук фондунун деректору Арипов Атабек.
Даярдаган: Ажимамат кызы Жанылай
Сынак үчүн
ИР