Бүгүн Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймагында 1910-жылы туулган Мендеш Өмүралиевдин сөөгүн жерге берүү жыйыны болуп өттү. Ал 1943-жылы согушта Орусиянын аймагында каза болгон эле.
Өмүралиев Германия менен СССРдин согуш учурунда 1943-жылы Орусия мамлекетинин Москва шаарынын Волокаламский шосседе согушуп жатып, подмосковье тараптан токойдун арасынан каза тапкан.
Алгач Ак-Дөбө айлынын маданият үйүнүн алдында экерүү митинги болуп, өттү алгач митингди Талас облусунун ыйгарымдуу өкүлү Дайыр Кенекеев ачып, андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин депутаты Мээрбек Мискенбаев, райондун акими Канымет Осмонбеков сүйлөдү.
Сөөктү тапкан Морозов Виктор Никалаевичтин Память издөө тобуна ыраазычылгын билдирип тазим этишти. Туугандары тарабынан да ыраазычылык билдирди.
Морозовдорго жана Орусия мамлекетинен келген делегаттарга областык жана райондук дээңгелде ыраазычылык айтылды.
Мендеш Өмүралиевдин сөөгү Бакай-Атага 22-июнь күнү кечинде жеткирилген. Митингден кийин сөөктү көмүү үчүн бейитке алып барып куран окулуп коюлду.
Даярдаган: Алина Үзөнкул кызы
Сынак үчүн
АСе