Токтогул районунун Терек-Суу айылында Анас атындагы мечит ачылды. Айыл чоң болгондуктан экинчи мечит курулганын айтат, демилгечилер.

Мечитти айыл тургуну Айдар Ормонбеков салды. Мечиттин салынышына көп деле каражат кетпегенин айтат.
«Бул мечиттин салынышынын себеби айылыбыз чоӊ болгондуктан бир мечит жетишпей бул намазкананы ачууну чечтим. Айланабыздагы кошуналар бизге жакын адамдар келип намаз окуусун деген максат болду. Алланын ыраазычылыгы үчүн өзүмдүн үйүмдү берип намазкана ачтык, ниет болсо мындан дагы чоӊойтуп, чоӊ мечит куруу оюмда бар. Мечиттин максаты адамдарды ыйманга чакырыш керек. Намаз окуп Аллага ибадад кылып бейишке чыгыш керек. Дагы бирден-бир максаты жаштарыбызды ыйманга чакыруу. Куда кааласа эмдиги жылы мечитти чоӊойтоюн деген максатта жаӊы башкача формада салабыз дегени турабыз, инсандар, жааматтар көбөйсө салабыз буйруса. Эгер балдар окууну кааласа шаардан медиреседен окуутучуну алып келебиз бир айга», — деди ал.


Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Сынак үчүн
ЛА