Түп районуна караштуу Тасма айылына Бишкектин №6 дарыканасынан доктур келип, айыл тургундарынын ар кандай ички органдарын текшерди. Ал атайын апараты менен элдерди текшерген соң, даарылануусуна атайын даарыларды жазып берди.
Дарыгер Гүлназ Ырысалиева техниканын жардамы менен кардарлардан 1000 сом алып, бир саат бою анын ички органдарынын баарын текшерип, жыйынтыгын айтып, түшүндүрүп берип жатты.
Айыл тургуну Кекил Ишенбаева 15 күн мурда дарыгердин Арал айылына келгенин угуп, ден соолугу начар абалдагы айыл тургундарды эстеп, чакыртканын айтты.

“Айылда ооруканаларда текшерилгенге жетиштүү, керектүү аппараттар жок болгондуктан элдердин абалын көрөйүн, ооруларын түшүндүруп, айыгууга жардам берейин деген максатта келгем. Көп кардарлар зоб, баш ооруларү жүрөгү түтөк оорулары менен келүүдө», – деди Гүлназ Ырысалиева.
Айыл тургуну Райкан Осмонбаева дарыгердин жардамы менен ооруларын билип, айыктыруу жолдорун үйрөнүп алганын айтты.
“Мени текшергенде зоб, аллергия жана уйку безимдин ооруганын айтты. Баарына тең дарыларды жазып, түшүндүрүп берди. Эми менин абалымды сурап, чалып сүйлөшүп турам деди. Эми дагы көп келип, текшерип турса экен”, – дейт Райкан Осмонбаева.
Даярдаган: Чынтурсун Турдуматов, Айгерим Кубатбекова
НС
Сынак үчүн