Нарын районуна караштуу Учкун айылынын мектебинде эмгек сабагынан берген Бактыгүл эже окуучуларга ар түрдүү буюмдардын жасалышын үйрөтүп келет. Ал Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде эмгектенип келгенине 57 жылдын жүзү болду.

Саламатсызбы! Бактыгүл эже, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз.
— Мен 1958-жылы Ак-Тал айылында жарык дүйнөгө келегем. Менин тайнем үкү топуну, курак кураганды, сайма сайганды, кийиздерди жасачу. Мен ошентип тайнемден үйрөнүп, азыр үйрөнгөндөрүмдү өзүмдүн окуучуларыма үйрөтүп жатам.

Сиз канча жылдан бери эмгек сабагынан берип иштеп келе жатасыз?
— Мен ошол Улуттук университетти буткөндөн кийин эле окуучуларга эмгек сабагынан берип келе жатам. Быйыл иштегениме 57 жыл болду.

Кол эмгек сабагынан окуучуларга эмнелерди үйрөтөсүз?
— Мен 5-7-класска чейин эмгек сабагынан берем. Анан окуучуларга ар түрдүү буюмдарды жасаганды үйрөтөм. Мисалы: сайма сайганды. Баягыда кыздар менен үлүлдөн Кыргызстандын картасын жасадык.

Сиз бала кезден бери эле эмгекке кызыкчу белеңиз?
— Ооба, мен бала кезден эле тайнемден ар кандай кыргыздын оюларын түшүргөндү, курак, кийиз, туш кийиз жасаганды үйрөнгөм. Анан 7-8-класстан баштап кыргыздардын улуттук буюмдарын жасаганды үйрөтүүдөмүн.

Сиз мектепти аяктаганда кайсы окуу жайга тапшырдыңыз эле?
— Мен мектепти бүткөндөн кийин Бишкектеги Улуттук кыз келиндер факультетинде окугам. Анан окуу жайды аяктагандан кийин турмуш куруп, мектепке эмгек сабагынан берип иштеп калдым.
Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат!

Бактыгүл эже эмгек сабагынан бергенден тышкары гүл өстүргөнгө кызыгат.
Даярдаган: Изольда Жыргалбекова, Наргиза Жолдошбек кызы.
Редактору: Бегимай Бекмуратова.
Сынак үчүн.