Лейлек районунун Манас атындагы орто мектебинде быйыл тартип өзгөчө болууда. Ага ылайык, мектеп формасынан тартып, мектепте жүрүү эрежелери да катуу каралууда.
Манас мектебинде быйылкы окуу жылы башталды. Учурда Манас мектебинде өзгөчө сабактарды жана мектеп формасын катуу текшерүүдө.

Билим берүү министрлиги быйылкы жылы үстүнө ак, астына кара кийүүнү тапшырган. Быйылкы жылы бирдиктүү мектеп формасы кабыл алынган жок. Ага карабай “манастыктардын” көбү эле ак, боз, ток, кызыл өңдөрүнөн тигилген бирдиктүү мектеп формасын кийип жүрүшөт.

Бирок мектепте атайын бирдиктүү форманы кийүү боюнча айтылган эмес. Үстүнө ак, астына кара кийүүнү айтышкан.

Биз мектеп формасы жөнүндө мектептин президенти Данияр Эсиркээв менен маек курдук.
“Быйыл мектеп формасы такыр бузулбайт. Өзүбүз көзөмөлдөп карап жатабыз. Жана кара шым менен ак көйнөк кийишет. Каалагандар бирдиктүү мектеп формасын кийишет. Кышында дагы ушундай мектеп формасы сакталат”, — деди Эсиркээв.

Дегеле быйылкы окуу жылы “манастыктар” үчүн өзгөчө башталды. Анткени быйылкы бүтүрүүчүлөр жоопкерчиликтүү болушуп, мектептеги окуучулардын тартибин, мектеп формасын катуу көзөмөлдөөдө.

Тартип бузгандар же мектеп формасын такай кийбегендер эрежеге жараша жазаланат. Андан сырткары бүтүрүүчүлөр мектеп ачылаары менен “Күзгү балл” жана ар кандай сынактарды уюштура башташты.
Даярдаган: Мунара Мамадалиева
Редактор: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн