Кыргыз тил күнүнө 27 жыл толду. Эне тил майрамы Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинде да өзгөчө белгиленди.
Бүгүн 23-сентябрь баарыбызга белгилүү кыргыз тил майрамы. Бул майрам мектебибизде салтанаттуу линейка менен өттү.
Эне тил майрамына карата окуучулар даярданып, өзүлөрүнүн жөндөмдөрүн көрсөтүп, ырларын жана докладдарын айтышты.
Андан сырткары окуучулар кыргыз тилинин азыркы абалын кайгылуу сөздөр менен айтып беришти.
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз СРБнин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган.

Кыргыз тили байыркы бай тилдердин бири. Анын басып келген жолу узак жана татаал. Бизде ата-бабаларыбыздан эки куттуу, ыйык мурас калган: анын бири — өлкөбүз, экинчиси — тилибиз.
Даярдаган: Гулина Суеркул кызы
Редактор:Төлөнбай уулу Нурсейит
Сынак үчүн