23-сентябрь өлкө боюнча тил күнү деп белгиленет. Ошол себептен бүгүн Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде мектеп окуучулары тарабынан чакан салтанат өтүлдү.

Аталган иш-чарада кыргыз тили тууралуу айтылып, «Манас» эпосунан үзүндү жана монологдор окулду.
Сопиев мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Айым Бегимбаеванын айтуусунда, бүгүнкү тил күнүнө карата уюшулган иш-чарада мектептин 7-классынын окуучулары тил жөнүндө ырларды, макал-лакаптарды айтышты.
«Бүгүнкү тил күнүнө карата биздин мектепте линейка уюшулду. Бул ачылышы болду эми мындан ары тил айлыгы жүргүзүлүп, класстар тил жөнүндө изилденишип, дилбаян, сүрөттөрдү тартышат», — деп билдирди ал.

Ал эми мектептин 7-классынын окуучусу Айдана Алтынбек кызынын айтуусунда, тил күнүнө арналган иш-чарага көп убакыттан бери даярданган.
«Биздин максатыбыз — бул өз тилибизди даңазалоо», — деди Айдана.
Даярдаган: Нурпери Улан кызы, Нуркыз Темиркул кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн