Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол себептен Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде табияттын ар кандай кырсыктарына даярданууга иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чара быйылкы окуу жылында биринчи ирет өткөзүлүп жатат. Мектеп окуучулары 1 мүнөт 37 секунда мектептен чыгышты.
Бул иш-чара жеке эле окуучуларга эмес мугалимдерге да тиешелүү болду.

Сопиев мектебинин география мугалими Ороз Садабаевдин билдирүүсүндө, бул иш-чаранын максаты — мектеп окуучуларынын ар кандай табигый кырсыктарга даяр болууну үйрөтүү. Бул жолкусун кичине класстар жаңы келгендиги үчүн бир ирет эскерттик. Эмкисин эскертпестен өткөрөбүз дейт.
«Быйылкы окуу жылында бул иш-чара биринчи жолу өткөзүлүп жатат. Чоң класс көнүп калган, а кичине класстарга эскерттик. Ал эми мугалимдер болсо документ журналдарды ала чыгышты», — деп билдирди Саадабаев.

Ал эми мектеп окуучулары үчүн коркуу сезимдери болгону менен эртерээк айтылып калынган. Айтпастан кылышса жакшы болмок дейт Бурул Кадырова.
«Негизи биринчи бөлөкчө кийинип жүрүшкөндөрүнөн эле көрүнүп калган жана эртең менен линейкадан дагы айтылган. Негизи кырсык айттырбай келет», — деди ал.
Даярдаган: ЖылдызТемиркул кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн