Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 21- сентябрь күнү 23- сентябрь тил күнүнө карата “Эне тилге таазим” аталышындагы майрамдык кече болуп өттү. Кече кыргыз тилине арналган ырлар, көөнөрбөс сөздөр жана концерттик программа менен коштолду.

Мектептин кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагынан берген мугалими жана кеченин уюштуруучусу Бүүмаржан Эшенкулова тил күнүндө окуучуларга жакшы таасир калтыргысы келгендигин жана бул кече аркылуу жаш муундардын патриоттук сезимин ойготууга аракет кылганын айтып өттү.

“Бүгүнкү кечени уюштуруунун негизги максаты — бул азыноолак болсо дагы окуучуларга тил күнүндө таасир калтыргыбыз келди. Чакан программадагы кече даярдаганбыз, окуучулар өздөрүнүн демилгеси менен жакшы катышып беришти. Окуучулар 23-сентябрда тил күнү экенин, кыргыз тилине 27 жыл болгондугун сезип, жакшы таасирлер калды деп ойлойм”, — деп билдирди мугалим эже.
Кеченин катышуучусу, 9-А класстын окуучусу Айжан Туратбек кызы “бүгүнкү кечеден мен абдан жакшы таасир алдым жана өзүмө кыргыз тилинин кабыл алынышы тууралуу көптөгөн маалыматтарды ала алдым” деди.




Ошондой эле кеченин соңунда 8-9-10-класстар аралык тил күнүнө карата дубалгазеталардын сынагы болуп өттү. Окуучулар өздөрү тарткан дубалгазеталарын жактап беришти.

Сынакта 10-А класс төмөндөгү терең маанини камтыган дубалгазетасы менен жеңүүчү аталды.

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактор: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн