Нарын районунун Куланак айылында куздүн келиши менен түшүм жыйноо башталды. Жаздан бери эмгектенип келе жаткан дыйкандардын эмгеги кандай болгондугу тууралуу алар менен маек курдук.
Куланак айылынын тургуну Кенжебек Абакиров он жылдан бери дыйканчылык менен алектенерин айтат. Ал сабиз, капуста, кызылча, пияз, сарымсак жана ошондой эле картошка айдайт.

«Мындан сырткары бакчабызда карагат, алма, малина да бар. Жайды жайлата бошпуз, ошол себептен жер-жемиштер менен алектенебиз. Өстүргөн жер-жемиштерибизди күзүндө терип алып, тазасын-чиригин сорттоп, сатчусун сатып, кышка сактоочусун сактайбыз», — деп бөлүштү Абакиров.

«Быйыл түшүм жакшы болду» дейт Абакиров Кенжебек.

Куланак айылынын дагы бир жашоочусу Кенжебек Абдрахманов жубайы экөө көптөн бери дыйканчылык менен алектенип келгенин айтат. «Бирок өзүбүзгө чакан гана жерди иштетебиз. Өзүбүздүн огородубузга сарымсак, картошка жана ошондой эле бадыраң, капуста, помидор, кызылча, кичинекей болсо да перец айдайбыз», — деди ал.

«Өзүбүзгө пайдасы тиет, ошол үчүн кесибибиз жагат. Өстүргөн жер-жемишибизди кышка сактайбыз. Сарымсактарды болсо, казабыз да байлап илип коёбуз. Убактысы келгенде сатабыз», — деп кошумчалады Абдрахманов.

Кенжебек Абдрахмановдун жубайы мектептин ашканасында ашпозчу болуп иштейт.

Автор: Айдана Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн