Бугун 05.10.2016-жылы Кыргыз Республикасынын башка аймактарында, анын ичинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында да «Мугалимдердин кесиптик майрамы» белгиленди. Шаарынын Маданият сарайында өткөрүлгөн аземдин катышуучуларынан маек алдык.

Аземдин негизги уюштуруучуларынын бири, Сулукту шаардык билим беруу болумунун Кесиптик кошунунун торагасы К. Кудаяров: «Бугунку иш чараны, Сулукту шаардык Мэриясы, Сулукту шаардык Кенеши, Сулукту шаардык Билим беруу болуму болуп уюштурдук. Иш чарага жалпы шаарыбыз боюнча Эн жакшы эмгектенген мугалимдер, Ардактуу эс алуудагы мугалимдер жана шаарыбыздын мекеме ишканаларынын жетекчилери чакырылды»- деп маалымдады.

Сулукту шаарындагы Н.Кушматов атындагы №9-мектеп гимназиясынын директору, билим беруунун мыктысы Б. Рустамова эжейди кепке тартып, майрамдык азем жонундо сурасак: «Быйылкы 2016-2017-жыл учун уюштурулган мугалимдердин майрамы озгочо мыкты уюштурулуптур. Учурдан пайдаланып, сыйлык алган кесиптештеримдин бардыгын куттуктаймын. Уюштуруучуларга терен ыраазычылык билдиремин.
Мугалимдерди Шаарыбыздын Мэри Абдузакир Арзыбаевич Ибрагимов, Шаардык Кенештин Торагасы Каныбек Арзибекович Исмаилов, шаардык билим беруу болумунун башчысы Абдибахап Исманов, шаарыбыздагы комур ондуруучу мекемелердин жетекчилери Рахман Эрматович Абдыназаров, Камал Мурзакулович Айтемировдор, жана башкалар келип куттуктап, Ардак Грамоталарды тапшырып, акчалай жана баалуу белектерин берди. Озгочо Шаардык Кенештин депутаты, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Джумабаевичке жалпы эмгек жамаатымдын атынан терен ыраазычылык билдиремин. Исманали Джумабаевич дайыма билим беруу тармагы учун, озгочо камкордук корсотуп моралдык жана материалдык жардамын берип келет. Бугунку аземде да шаарыбыз боюнча ар кайсыл мектептерде эмгектенип жаткан 11 мугалимге акчалай турундо сыйлык берди. Ардактуу эс алуудагы мугалим Каразакова Суксур эжейге бир тонна БК маркасындагы комурду уйуно жеткирип бермей болду. »- деп билдирди.


Кабарчы: Анварбек Тухтаров