Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылында спорт аянтчасынын курулушу аяктап колдонууга берилди. Буга чейин каражаттын жетишсиздигинен спорт аянтчасынын курулушу токтоп турган.
Спорт аянтча бүткөндөн бери балдардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүүгө кыйла шарт түзүлүп калды. Спорттук комплексте көчө спорту менен машыгуучу шаймандар, теннис, футбол жана волейбол аянтачалары бар.

Ак чал айылынын жашоочусу Төлөбай Бердикулов аянтчанын сапаттуу жасалганын айтат.
“Айыл тургундары курулуш сапаттуу материалдардар менен жасалганына баа беришти. Бул спорт комплекси көп жылдарга кызмат көрсөтөөрүнө ишенишип, ыраазычылыгын билдиришти”, – дейт Бердикулов.

Аталган айылдын жашоочусу Абсатар Эшенбаев спорт аянты үчүн айыл тургуну Жоробай Исаев өз жерин бөлүп бергендиктен комплекске ошол адамдын аты ыйгарылганын айтты.

Спорт комплекстин курулушуна каражатты айыл тургундары топтогон. Бирок жетишпей жаткан 170 миң акча каражатын Кулатов айыл өкмөтү бөлүп берген. Куруу иштерин аткаруучу ишканалар ортосунда тендер жарыяланганып бүткөрүлгөн.

Даярдаган: Гулинур Нурманова
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн