Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу М. Кудайбердиев атындагы лицейинин 11-классынын окуучулары карыяларды куттукташты. Окуучулар ар бир үйгө киришип, чоң энелерге жоолук, чоң аталарга калпак кийгизишип, гүл сунуп ырдап тартуулашты.
Кызыл-Булак айылынын тургуну Гүлкан апа окуучулардын келип куттуктоосун күтүлбөгөн окуя болду дейт.
«Ар жыл сайын ушунтип келишсе жакшы болмок. Карылар күнүндө бизди унутушпаганына чоң рахмат. Мен мындай куттуктоону эч качан унутпаймын, окуучулар ойлогон ой-максаттына жетишсин, окуткан мугалимдерине да чоң рахмат дейт», — Гүлкан апа.

Окуучулардын айтымында, алар 30 үйгө киришип куттуктап чыгышкан. Карыялардын берген батасы, күлүп жайнап тосуп алганы, кээ бир чоң апалардын кубанычынан көзүнө жаш келгени, барышканда бар тапканын дасторконго коюшуп тосуп алышканы окуучуларга жаккан.





«Чоң апаларыбызды, чоң аталарыбызды бул күнү эле эмес ар күнү эле куттуктасак болот. Алар биздин байлыгыбыз туура жолго бизди баштаган адамыбыз», — деп айтты 11-классынын окуучусу жана иш-чаранын катышуучусу Айпери Сүйүнбай кызы.
Даярдаган: Гулинур Нурманова
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн