Бүбүайым Болоталиева Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы орто мектебинде физика сабагынан 40 жылга жакын убакыттан бери мугалим болуп иштейт.

Мугалимдик жылдарында мектептин кыздар уюму, кафедра, секцияларды жетектеген. “Эне даңкы” жана “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисинин ээси болгон Бүбүайым Болоталиева жакындан бери өзү иштеген мектебине каражатына кабинет уюштуруп, толугу менен физика предметине ылайыктап, заманбап үлгүдө жасалгалап чыкты.

Бүт өмүрүн билим берүүгө арнаган Болоталиева “кабинетим — сыймыгым, эмгегимдин үзүрү. Ушунча жыл иштеген мектебиме бир эмгек калтырайын, кийинкилерге үлгү, сабак болсун. Кошкон салымым болсун деген ниетте жасадым” дейт.
Болоталиеванын жолун жолдоп алты баласынын экөөсү мугалим болуп эмгектенишет. Ардагер эже чарчадым-чалыктым дебей, жаш кесиптештерине кеп-кеңешин, жардамын берип келет.
Даярдаган: Мээрим Кулманбетова