Тарых жана маданият жылына карата Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинин бүтүрүүчү классынын окуучулары ата-энелери менен бирдикте “Ак-Талаа талант мекени” аттуу ыр майрам өткөрүштү.

Ыр майрам Баетов айылдык Дербишкан Ажиев атындагы клубда болуп, анда жергиликтүү обончулар Д. Ажиев, Н. Абдырахманов, М. Баетов, А. Кыязов, К. Эралиева өңдүү обончу-композиторлордун обондору жаңырып, ырлары аткарылды.

Иш-чаранын уюштуруучусу А. Дөөлөтбек уулунун айтымында, ыр майрам жергиликтүү обончуларды, алардын чыгармаларын эл арасына кеңири жайылтуу жана жаш муундарга таанытуу максатында өткөрүлдү.
Даярдаган: Кушбелдекова Ширин
Редактору: Касмалиева Айчолпон
Сынак үчүн