Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде өткөн «Күзгү майрам» кечесинде балдар кыздардын бетине макияж жасап, калыстар тобунун алдында өз колдору менен түрдүү салаттарды даярдап беришти.
Жасаган салаты жана макияжы үчүн калыстар тобунун баардыгы балдарга «5» деген жогорку упайларды берди.

Катышуучу балдар көрүүчүлөрдүн көзүнчө тартынган жок. Себеби алар жеңебиз деген максатта келишкен.

Жылдызбек Темирбеков 9-класстын окуучусу. Ал кечеге 10-класстын кызы менен бирге чыкты. Себеби 10-класстын балдары кечеге чыгуудан баш тартып, кыздардын сурануусу менен Жылдызбек кечеге чыгууга макул болгон. Жылдызбек кечеге даярдыгы жоктугун, ошол себептен салатты, макияжды жасаш кыйын болгонун айтат.

Андан соң балдар салаттарын калыстар тобунун сынынан өткөрүштү.

Кезек ошентип макияжга келди. Анда балдар кыздардын бетин боёп, кыздардын чачтарын жасалгалашты.

Карганбек Жумагулов чач жасалгалоо андай деле кыйын эместигин айтат. Эркек балдардан деле мыкты макияжчылар чыгат дейт.


Кеченин көрүүчүсү Айганыш Адилова балдардын жасаган салаттары абдан кооз болгонун жана макияж мыкты жасалганын айтты.


Кеченин көркүн өзгөчө балдар ачып берди. Алар эл алдында тартынбастан өз таланттарын ачык көрсөтүп бере алды. Катышуучулардын коштошуу вальсынан соң кече жабык деп жарыяланды
Даярдаган: Рустам Көчөрбаев
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн