1936-жылы 2-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиуму республикага караштуу жаӊы райондорду түзүү жана айрым райондордун административдик-территориялык бөлүнүшүн өзгөртүү тууралуу указын чыгарган.
Ага ылайык Талас кантонуна карап келген Ленинполь өз алдынча район катары алты айылдык совети 26-майда артелдери менен бөлүнүп чыккан. Бул жылдар татаал жана кыйын кезеӊге туш болгону баарыбызга белгилүү. Улуу Октябрь социалисттик революциясы жаӊыдан кубатына келип жаткан кез болучу.

Райондун чек арасы Боо-Терек болуштүгунан тартып, Талас шаарына чектеш Кеӊ-Арал айылы менен бекемделип, Кыргыз ССР министрлер Советинин жана Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин иш башкармалагы тарабынан партиянын райкомунун жана аткаруу комитетинин штаттык бирдиктери киргизилип бекитилген.

Тилекке каршы аталган райондук түзүлүш өзүн-өзү актабаган деген себеп менен 1959-жылы биротоло жоюлуп, Талас жана Киров райондоруна бөлүнүп каратылган.
1977-жылы 17-апрелде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун указы астында Кыргыз ССРинин Ысык-Ата, Ленинполь, Панфилов райондорунун маселелери жөнүндө сунуштарды карап, аларга район статусун ыйгарган.
Кыйын учурда уюшулуп, кийин жоюлуп кайра калыбына келтирилген азыркы Бакай-Ата району тогуз айыл округунан, 19 кыштактан, 22 мектептен, 40 жакын мекеме-уюмдарды бириктирип социалдык-экономикалык жактан кубаттанып, бүгүн минтип өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык той мааракесин утурлап отурат.
Даярдаган Жантаева Жайнагүл
Сынак үчүн
Үсөн С.