Айылга суук түшө баштагандыктан, жыйып-терүү иштери аяктап калды. Токтояндын тургундарынын айтуусунда, быйыл суук жылдагыга караганда эртерээк түшүп, иштер бир аз да болсо бүтүп калган.

Айыл тургуну Конушова Махабат быйыл түшүм мол болгондугу тууралуу төмөндөгүчө айтып берди.
“Быйыл суук эртелеп эле башталып калды. Жыйып-терүү иштери да аяктады. Быйыл жаанчыл болгондуктанбы, түшүмүбүз мол болду”, — деди Конушова.

Ушул эле айылдын тургуну Жанара Максүтова өз ою менен бөлүштү.
“Ооба быйыл эрте суук келип жаткандыктан, иштерибизди да эрте бүтүрүп жатабыз. Картошка, кызылча, алмалар да жакшы түшүм берди”, — деди ал.
Даярдаган: Орозбай уулу Райымбек
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн