Терек-Суу айылынын тургундары кышка кандай даярдык көргөнүн билип көрүү үчүн сурамжылоо жүргүздүк.
Зулайка Итеманова жылдагыдан суук эрте түшкѳнүн айтат.

“Ооба акырындык менен даярдана баштадык. Отун-сууну даярдап, балдарды сууктан аман-эсен алып чыгалы деп аракет кылып жатабыз. Жылдагыдан кѳмүрдүн баасы кымбат болуп бир аз кыйналып жатабыз. Быйыл кыш эрте келет деп жатышат”.
Убалкан Наралиев жылдагыдан кѳмүрдүн баасы кымбат экенин айтты.

“Кышкыга даярдана баштадык. Даярдыгыбыз бир аз начар болуп жатат. Себеби отун-суудан кемип атабыз. Кѳмүрдүн баасын кече угуп келдим, бир кабы 200 сом экен. Быйыл кыш эрте келеби деп ойлоп атам».
Бегайым Карасартова кыш оор болот дейт.

“Кышы менен жага турган отундарды даярдап, кичинеден аракет кылып жатабыз. Кѳмүрдү батырак алып алсак деп жатабыз, кыш келгенде кымбат болуп кетет. Азыр эле кымбат болуп жатыптыр. Кыш оор болот деп жатабыз”.
Жеӊишбек Кабылбеков кѳмүрдүн баасы жылдагыдай эле дейт.

“Кѳмүр алып отундарды даярдап, эл катары даярдык кѳрүп жатабыз. Кѳмүрдүн баасы былтыркыдай эле экен. Элдер кыш оор болот деп айтып жатышат”.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн