Нарын районунун Куланак айылында уйлар карасан менен ылаңдап кеткендиги айтылууда. Бул боюнча айыл өкмөт башчысы Абай Калдарбек улууна кайрылып маек курдук.

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Абай Калдарбек улуу
— Учурда айыл жергесинде карасан ылаңы катуу жүрүп жатат деп жатышат, бирок биздин айылда андай ал ылаңдан өлгөн уйлар каттала элек. Өткөндө бир бука өлгөн экен, аны биз мал доктур менен барып, текшерүүдөн өткөзгөндө эч кандай карасан кесели менен өлгөндүгү аныкталган жок. Бул ооруунун таралуусуна каршы сайылган вакциналар жеке даарыканалардан алынып, ал үчүн каражат уюн эмдеткен тургундардан чогултулуп алынды. Уйларды эмдөө убагында айрым айыл тургундары каражат жактан кыйналган учурлар болду, биз алардан вакцинанын акчасын алдык, ал эми эмдөөдө каражат жагынан жардам көрсөттүк.
Айылда мал чарбасы менен 23 жылдан бери алектенип келе жаткан Бакыт Давлетов бизге курган маегинде, уйларын толук эмдөөдөн өткөргөндүгүн жана мал доктурлар убагында малдарды даарылап туурарын айтты.

— Менин учурда 15 уйум бар. Аларды мен бул оору катуу жүруп жатат деп угаар замат эмдөөдөн өткөрдүм. Вакциналарды алууда кыйынчылык деле жаралган жок, бирок уйларды эмдөөдө кичине өкмөттөн жардам көрсөтүлсө айыл тургундары үчүн жакшы болмок эле. Биздин мал доктур жеке эле уйларды эмес жалпы эле малдарыбызды убагы менен эле келип текшерүүдөн өткөруп турат.
Карасан оорусун эмдөө боюнча толугураак малымат алуу максатында Куланак айылынын мал доктуру Райымбек Кеңешбеков төмөнкүлөрдү айтты.
«Азыр айыл жергесинде карасан оорусуна каршы эмдөө иштери дагы деле журуп жатат. Айыл тугундары өздөрү сайылуучу вакциналарды алып келишет андан соң мен эмдөө иштерин жүргүзөм. Ал эми эмдөө акысы ар бир уй башына 10 сомдон тартып сайылат», — деп токтолду Кеңешбеков.

Учурда бул ылаң жугуштуу экенин эскертебиз. Андыктан сак болунуздар!
Автор: Айзат Асанова
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн