Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнө Мамлекеттик каттоо кызматынан кызматкерлер келип, 11-декабрда өтө турган шайлоого карата операторлорду окутуп кетишти.
Кулатов айылынын кызматкери Дарыя Абдижалал кызы шайлоого карата сабактра үч күн өтүлгөнүн билдирди.
«Биринчи сабагыбыз жергиликтүү кеңешке шайлоолор жана референдум боюнча болду. Видео камера жана башка жабдыктарды колдонууну үйрөндүк. Билбеген нерселерди үйрөнүп алдык», — дейт Абдижалил кызы.



Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдун айтымында, боло турган шайлоого даярдыктар көрүлүүдө.
«Баары болуп жети участкабыз бар, шайлоо болчу жайлар жылуу бардык шарттар менен түзүлүп жатат. Быйылкы шайлоого даярбыз», — деп билдирди Мадимаров.
Даярдаган: Гулинур Нурманова
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн