Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебиндеги окуучулардын 30 пайызы сасык тумоонун айынан сабакка келбей жатышат.
Мектеп директору Асия Исмаилованын айтымында, сасык тумоо жана башка оорулардын себебинен 600 окуучунун 30 пайызы мектепке келбей жатат.

«Ооругандар мектепке келбей үйүндө даарыланышсын. Ошондуктан эртең менен окуучулар жылуу чай ичишип, жылуу кийинүүсү зарыл», — деп билдирди мектеп директору.
Буажар Маткасымова башталгыч классынын мугалими. Бүгүн анын классында окуган 25 окуучунун сегизи сабакка келген эмес.

«Баары эле себептүү, грипп, жөтөл, суук тийип оорушуп келбей жатышат. Суук тийип, сасык тумоо болгон окуучулар жакшы болгонго чейин келбей турушса да болот. Себеби башка окуучуларга да жугат», — дейт Маткасымова.

Даярдаган: Гулинур Нурманова
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн