Жайыл районунун Кара-Суу айылына Бишкектеги TES центр уюмунан келген агрономдор айылдыктарга кант кызылчасын себүүнүнүн жолдорун үйрөтүштү.
Дыйкандарды айыл чарба багытында окуткан ТЕS центр уюмунун кызматкери Максат Кожомкулов алдыда Кара-Суунун дыйкандары үчүн кантип иштөөнүн жолдорун айтып берди.

«2017-жылы Кайыңды кант заводу Жайыл району боюнча 1500 гектарга кант кызылчасын өстүрүүнү пландаштырып жатат. Эгерде силердин айылдагы дыйкандар кант кызылчасын айдайбыз десе, ошол 1500 гектардын ичине өздөрүнүн гектарын киргизиши керек, биз да айдайбыз деп. Биз ошо боюнча маалымат берип жатабыз», — деди Кожомкулов.
1500 гектардын ичине кириш үчүн дыйкандар эмне кылыш керек?
— 1-талап: Кызылча айдайм деген жерин күзүндө айдап коюшу керек. 2-талап: Кызылча сепкен жердин ордуна кызылча сеппеш керек. Кызылча ооруйт. 3-талап: Биз айткан нерселерди бир жыл бою аткарыш керек. 4-талап: Өз баасында келишим түзүлүп, ошол келишимдин негизинде, 2017-жылы дыйкандар кант кызылчасын алат.
Эгер дыйкандар башка уруктарды алып сепкен болсо, аны Кайыңды кант заводу албайт. Дыйкандар кант заводунан урук алган болсо, ошол дыйкандарга келишим түзүлөт. Ошол келишимдин негизинде дыйкандар өздөрүнүн кант кызылчасын заводго өткөрө алат. Келишим түзбөгөн дыйкандар 2017-жылы кант заводуна кант кызылчасын өткөрө албайт.
«Кара-Суу айылынан 150 гектар жерди иштетсекпи деген ойлор бар. Эгер дыйкандардын 150 гектар жери даяр болуп калса, биз аны долбоорго киргизебиз. Даяр эмес болуп калса, биз башка айылдар менен иштеше беребиз. Биз жаздан баштап күзгө чейин кансультатция жүргүзөбүз. Бул жерден биз бир жергиликтүү талаа консультатциясын шайлайбыз. Ар бир гектар үчүн 500 сом акча төлөйсүңөр. Ал акча шайлаган консультанттын айлыгы болот», — деп түшүндүрдү Кожомкулов.
Окутууну уюштургандардын айтымында, 1 гектар жерден орточо эсеп менен 60 тонна кант кызылчасын алуу максат кылынган.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн