Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы Садриддин Айни орто мектебинде аймактык олимпиада өттү. Анда жалпы он мектептин окуучулары катышты.
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Айни орто мектебинде аймактык олимпиада башталды. Ага айыл аймак боюнча он мектептин 9-11- класстарынын окуучулары катышууда. Олимпиадада ар бир предмет боюнча комиссиян мүчөлөрү дайындалган.
Аймактык олимпиадага катышып 1-орунду алгандар райондук баскычка жолдомо алышат.
Үч-Коргон айылы көп улутуу болгондугуна байланыштуу аймактык тур кыргыз, өзбек, тажик, орус тилдеринде жүргүзүлүүдө.
Даярдаган: Абдулкалил уулу Эмил.
Сүрөттүн автору: Алижан уулу Дөөлөтбек.
Сынак үчүн
КМ