11-декабрь күнү Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдум болгону жатат. Бул боюнча айылдагы шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен маектештик.
Учкун айыл округунун Куланак айылындагы №4051 шайлоо участогу Абдылда Аралбаев орто мектебине жайгаштырылган.
Шайлоо комиссиянын катчысы Анипа Жусупованын айтымында, учурда шайлоо үчүн бардык шарттар түзүлүп, окуулардан өтүп, шайлоо комиссиясы иштеп жатат.

Ал эми шайлоо комиссиясынын төрөгасы Чынгыз Кемелов буларга токтолуп кетти.

— Бул жакта жергиликтүү депутаттарды шайлайбыз жана референдум, эки шайлоо болгону жатат. Азыркы күндө 22 киши талапкер болууда. Бул жерде 11 мандат бар, шайлоочу 11 адамды шайлай алат, эгерде 12 же андан ашып кетсе блютень жараксыз болуп калат. 21 жаштан өткөн паспорту бар, биометрикадан өткөн адамдар шайлоого катышууга укуктуу.


Куланакта учурда шайлоочулардын тизмелери такталып, кабарлоо баракчалары таратылууда. Андан сырткары айыл суук болуп жатканына байланыштуу жылыткычтар алынып келинип, терезелер жылууланган.
Автор: Медина Сарбагыш кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн