Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. «Ак-Бакай» ЖМБнын кабарчысы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын төрагасы Канжарбек Байтиков менен маек курду.
Саламатсызбы! Алгач айылдык кеңештин депутаттарынын милдеттери жана укуктары менен тааныштыра кетсеңиз?
— Саламатчылык! Биринчиден, айылдык кеңештин депутаттары эң биринчи айылдын көйгөйлүү маселелерин, айыл өкмөтүнүн бюджетин жана анын туура бөлүнүшүн көзөмөлдөп, шайлоочуларга жана айылдын калкына маалымат тактасына илип, билдирип турат. Экинчиден, социалдык маселелер, ички жолдор, таза суу, суугат суу жана айыл чарба жерлерин контролдоо, жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү болуп эсептелет.

Кайсы жылы жана канчанчы чакырылышта депутат болуп шайландыңыз?
— 2013-жылы 25-ноябрда элдин ишенимине ээ болуп, Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайландым. 21 депутаттын төрагасы болуп иш алып бардым төрт жыл ичинде.
Ушул жылдар аралыгында депутаттар тарабынан кандай иштер бүтүрүлдү?
— Көп нерселер жасалды. Биринчиден, айылдын деңгээлиндеги чечиле турган маселелер өз убагында чечилип жатты, арыз, даттанууларды өз убагында аткарып жаттык. Өзү айылдык кеңеште төрт комиссия бар:
Булар төрт жыл ичинде эмне иш кылды?
— Айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги маселелерди өз убагында чечип жаттык. Ал эми, райондук деңгээлде чечиле турган маселелерди, райондогу кошмо чогулуштарда көтөрүлүп, чечилгендери чечилип, чечилбегендери ошол бойдон калып жатты. Ал эми, республикалык деңгээлдеги чечиле турган маселелер көп экен. Мисалы, Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстар окуган корпусу, таза суу программасы жана ошондой эле Бешташ-Токтогул автожолу. 2014-жылы депутат Бакыт Чороев экөөбүз, Жогорку кеңешке барып, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолуктук. Бир канча суроолорду бердик, бардыгы мамлекеттин бюджетине, экономикасына карап чечилет экен. Бала бакчанын жылуулук системасы 1300000 сомго коюлуп жатат. Былтыр, 2015-жылы суугат сууга 3 миллион сом акча бөлүнүп, ал ишке киришип жатат. Таза суу дагы акырындан ишке ашып жатат, 3 миллион сомго жакын акча которулуп, чорголор коюлуп жатат. Тыттынын жолу депутаттардын демилгеси менен акча бөлүнүп, жолдор тегизделип, көпүрө салынды, ошондой эле Терекке 170 миң сомго элдин жардамы менен көпүрө курулду.
Кандай иштер пландалып, бирок, ишке ашпай калды?
— Республикалык деңгээлде чечиле турган маселелер ишке ашпай калууда.
Эл ишеничин актадым деп ойлойсузбу?
— Мен жеке өзүм, элдин ишеничин толук болбосо дагы 60-70 пайыз аткардым деп ойлойм.
Алдыдагы шайлоого аттанып жатасызбы?
— Алдыдагы шайлоого аттанып жатам. Мурунку чакырылышта өзүм саясатка жаңы аралашкандыктан көп иштерди бүтүрө албай калдым деп ойлойм. Эгер, дагы шайланып, депутат болуп кала турган болсом, эл үчүн, айыл үчүн жакшы иштерди кылып берсем деп ойлойм. Себеби, биздин айылдын эң көйгөйлүү маселеси — таза суу, ички жолдор, жайыт маселеси жана айылдагы бала бакча. Ушуларды ордуна келтирсек, кийинки муунга жакшынакай кылып өткөрүп берсек деп ойлойм.
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн