Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы 80-28 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана элдик добуш берүү ийгиликтүү өттү. 1242 шайлоочудан 433 шайлоочу келди.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу участканын катчысы Асан Полотов бизге курган маегинде добуш берүү күнү тартип бузуулар болбогондугун айтты.

“1242 шайлоочудан 433 шайлоочу катышты. Анын ичинен 422 бюллетень жарактуу, 11 бюллетен жараксыз болду. Кээ бир шайлоочулардын бармак издери чыкпай калганын эске албаганда шайлоо жакшы өттү. 6 мандатка 11 талапкер ат салышты. Эң жогорку добуш алган талапкерге 222 добуш берилди», — деп билдирди ал.
Сумбула айыл аймагы боюнча добуш берүү үчүн алты шайлоо участкасы иштеди.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынык үчүн