2016-жыл 29-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын президентинин балатысы болуп өттү. Ага Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин 7-классынын окуучусу Алибек кызы Салиха катышып келди. Биз Салиха менен президенттик балаты тууралуу маек курдук.
Алибек кызы Салиха президенттик балатыга Лейлек районунан тандалып барып катышып келген.
Саламатсыңбы Салиха. Силер президенттик балатыга барып, Бишкек шаарында канча күн болдуңар?
— Мен Бишкек шаарында 4 күн болдум. Ал жер мага абдан жакты.

Кайда жаттыңар?
— Биз Бишкек шаарында бир интернатта болдук. Ал интернаттын атын утунуп койдум.
Сага «сен президеттик балатыга барасың» дегенде сенде канда сезимдер болду?
— Аны сөз менен айтып жеткире албайм. Абдан кубандым.
Кандай өзгөчөлүктөр болду?
— Мектептеги майрамда досторуң, мугалимдериң, тааныш адамдар менен бирге болосуң. Ал эми ал жакта Кыргызстандын ар бир облусунан барган адамдар менен бирге болдум. Көп досторду таптым. Негизгиси президент менен бирге жаңы жылды тосконум мени кубантты.

Силерге эмне белек берди?
— «Жомоктор», «Эпостор» деген эки китеп менен бирге таттууларды берди.
Президенттик балатыга барууга татыктуумун деп ойлойсунбу?
— Ооба, татыктуумун деп ойлоймун. Ушул күнгө чейин жалаң «5» деген баага окуп келе жатам жана ооруп эле калбасам, бир күн да мектептен калбаймын.
Маегиңе чоң ыракмат. Мындан аркы окууларыңа ийгилик.
Маектешкен: Кубаныч Өсөрбай уулу
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн