Түп районуна караштуу Токтоян айылынын таланттуу окуучуларынын бири -бул манасчы кыз Айсырга Шаршеева. Мугалимдердин айтуусуна караганда, Айсырга «Манасты» мыкты айткан өзүнүн таланты бар.
Айсырга 7-класста окуйт жана азырынча Токтоян айылындагы жалгыз манасчы кыз болуп эсептелет. Биз аны менен маек курдук.

Эмнелерге кызыгасың?
— Мен «Манас» айтканды жакшы көрөм жана «Манас» айтам.
Кайсы убактан бери кызыгып айтып келесиң?
— Мен кичине кезимен бери эле кызыгып өзүм жаттап айтчумун, бирок эл алдына айтып келгениме аз гана убакыт болду.
Сенин «Манас» айтып калышыңа кандайдыр бир себептер болдубу?
— Мен болгону өз кызыгуум менен айттым.
Алдыдагы пландарың менен бөлүшүп кетсең?
— Көптөгөн сынактарга катышып, кыргыздын манасчы кызы аталгым келет!
Маегиңе рахмат.
Маектешкен: Абдыбеков Султанбек
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн