Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов орто мектебинде «Математика — бул поэзия, математика — бул жашоо» аттуу тарбиялык саат өттү. Ага 9-класстын окуучулары катышты.
Мектептин математика мугалими Алмагүл Төлөкова:
— Бул сабакта окуучулар топ менен иштешип, бири-бирине билбеген нерселерин үйрөтүшүп, сабакка активдүү катышып беришти. Негизги темабыз “Арифметикалык прогресия” — бул сабакты окуучулар абдан жакшы өздөштүргөнүн далилдеп беришти.


9-класстын окуучусу Гүлдана Нурланова башка сабактар да ушундай өтсө жакшы болмок дейт.
«Математика сабагы мага жагат, ошол себептен мен өзүмдүн командамдын лидери болуп шайландым. Биз өзүбүздүн топторубуз менен иштөөдө биринчиден ынтымакка жана бири-бирибизди сыйлоого үйрөндүк. Бардык сабакты топ менен окусак абдан кызыктуу жана көңүлдүү болмок», — деди ал.
Даярдаган: Нуркасым кызы Нурпери
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн