Азыркы илим менен техника кеңири кулач жайган учурда китептен маалымат алууга караганда интернеттен маалымат алуу актуалдуу болуп калды. «Акыркы мезгилдерде окуучулардын китепке болгон кызыгуусу кандай?» деген суроонун айланасында Лейлек районуна караштуу “Сары-Дөбө” орто мектебинде сурамжылоо жүргүзүп көрдук.
“Сары-Дөбө” орто мектебинин китепканачысы жана мугалими Жаннатай Кадырова окуучулардын китепке болгон кызыгуусу жакшы экенин айтат.

“Биздин китепканада китептер жетиштүү эле. Болгону акыркы учурдагы жаңы адабий китептер жок. Баарысы эле мурдараак чыккан китептер. Окуучулар жазылып тарыхый, адабий китептерди алып окушат. Окурмандардын басымдуу бөлүгү бүтүрүүчүлөр. Себеби аларга керектүү өтө көп маалыматтар бар. Окуучулардын китепке болгон кызыгуусу начар деп айталбайм, кызыгуусу жакшы”, — деп айтты Жаннатай Кадырова.
“Сары-Дөбө” орто мектебинин 9-классынын окуучусу Айгүл Жанибекова китеп окуунун пайдаларына токтолуп кетти.

”Китепте дагы интернетте дагы көп маалыматтарды алсак болот. Бирок китеп окуганда эске тутумубуз жакшы өөрчүйт жана зыянсыз. Ал эми интернет аркылуу маалымат алсак көзүбүзгө, эс тутумубузга зыян. Ошондуктан мен көбүрөөк китеп окуганга аракет жасайм. Мисалы кыргыз эли өтө тарыхка бай эл болгондуктан тарыхый окуялар камтылган тарыхый, сөз байлыгымды өстүрүш үчүн адабий китептерди көп окуйм. Мен эле эмес менин классташтарымда түрдүү китептерди окушат”, — деди ал.
Даярдаган: Динара Таштанова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн