Байыркы көчмөн кыгыздардын арасына кеңири тараган салттык ырдоо — сарменден нечендеген кылымдарды басып, нечендеген доорлорду аралап, бабадан атага, балага, өбүрө, чөбүрөгө өтүп, ооздон оозго көчүп, бүгүнкү күнгө чейин жашоосун улантып келет.
Сармерден
Кече 16 март күнү Талас Мамлекеттик Университетинде Нооруз майрамына карата «Ыйман,адеп,маданият»жылынын алкагында төрт факультет арасынды Сармерден оюну өткөрүлдү.
Бул оюнда төрт топ ат салышты алар: Талас Мамлекеттик Университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин ,Гуманитардык факультетинин ,Техналогия факультетинин жана колледждин студенттери катышышты.8 этаптан турган мелдеште студенттер өздөрүн ар тараптуу көрсөтө алышты.
Сармерден оюну
Таймашта ар бир топ «Манас»эпосунан үзүндү, акындык айтыш ,кыргыз ырларынан элдик аспаптардын коштоосунда аткаруу,макал-лакап, табышмак , жаңылмач айтышып ,эстрадалык ырларды ырдап,бий бийлеп эң жогорку денгээлде даярданышканын көргөзүштү.
Калыстар тобу
Ошондой эле оюнга катышып жаткан тайпалардын дагы мүчөлөрүнөн таймашка кандай даярдык көргөнүн сурап билдик.

Жумагуова Сайкал студент

Бакыт Намазбеков студент

Маряпов Кубанычбек студент
Талас Мамлекеттик Унивеситетинин мамлекеттик тил жана тарбия боюнча проректоры Самат Субанкуловичтен иш чара тууралуу кененирээк маалымат алдык.
Талас Мамлекеттик Университетинин проректору Самат Субанкулович
Көрүчүлөр
Даярдаган: Камчыбекова Рахат