Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты тарабынан Нооруз майрамына карата «Кыз-жигит сармердени» өткөрүлдү.
Сармердендин катышуучусу, башталгыч класстардын мугалими Жазгүл Кадыралиевагаа кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
“Биз бул сармерденге өтө көп убакыт даярдана алган жокпуз. Себеби, бул Нооруз майрамына карата мугалимдер тарабынан өткөрүлгөн сармерден. Бизге аз гана убакыт белгиленип калды. Эгерде көп убакыт берилсе, анда мындан да жакшы даярданмакпыз», — деди Кадыралиева.


Иш-чаранын максаты — унутта калып бара жаткан салт-санааны, ыр түрмөктөрүн Нооруз майрамында жаштардын улантып кетишини шарт түзүү.
Ошондой эле быйылкы өткөн сармердендин өзгөчөлүгү — анда катышкандардын көпчүлүгү жаштар болду. Мурдагы сармердендерге караганда быйылкысында макал-лакаптарга, жаңылмачтарга, табышмактарга көбүрөөк басым жасалган.

Калыстар тобунун мүчөсү, музыка мугалими Жумагүл Өмүрова:
— Мугалимдер убактысынын жоктугуна карабай абдан жакшы даярданышкан экен. Өзгөчө кыздарды бааласак болот. Алардын даярдыгы мага абдан жакты. Чынын айтсам мен мындан Кадыралиева Жазгүлдүн алып баруучулук жөндөмүн бааладым. Ал шайыр жеңенин образында болду. Мага абдан жакты, аябай жакшы даярданыптыр. Негизи эле бүгүнкү сармерден менин купулума толду.



Сармерденди көргөнү келген эл да көп болду. Алардын бири Гүлфия Мустапаева:
— Мен мурда дагы ушундай иш-чараларды көрүп келгем. Бүгүн да бул мугалимдердин сармерденин көрдүм. Мугалимдер жамааты абдан жакшы даярданышыптыр. Жалпысынан уюштуруучуларга чоң рахмат. Сармерден — бул ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан оюн. Ошондуктан башында Манас айтуу, айтыш сыяктуу нерселер менен баштаса, анда сармерден эң мыкты болмок. Ошол жагын да бир аз карап коюшса деп айтаар элем


Автор: Эркинай Барыктабасова
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн