Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя. Каргашада 87 азамат окко учту, элдин жыргал жашоосу үчүн көз жумгандар кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Бүгүн борбор калаабыздагы 2010-жылдагы апрель окуясынын жети жылдыгы эскерилди. Апрель ыңкылабына катышкандар, курман болгондордун ата-энелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.Эскерүү үч бөлүктөн туруп, эң алгач шейит кеткендерге арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окутулду.Эскерүүдө А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты кыргыз эл акыны Гулсайра Момунова баатырларга арнаган өз ыр саптарын окуп берди.

Кыргыз эл акын Гулсайра Момунова.

Экинчи бөлүгүндө А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебиндеги сүрөт музейинде шаарыбыздын 14 баатырынын өмүр баяны менен сүрөттөрү коюлуп, уюштуруучулар баяндап беришти.


Маркумдун жубайы жана баласы.
Үчүнчү бөлүктө А.Огомбаев балдар музыкалык мектебинде окучуулар арасындагы 7-апрель революция күнүнө карата жазылган дил баяндарынын жеңүүчүлөрүнө грамоталар тапшырылып, чакан концерттик программалар менен жыйынтыкталды.

Окуучулардын дил баяндары

GE DIGITAL CAMERA

Даярдагандар: Рахат Камчыбекова, Мират кызы Неля