Cокулук районундагы жети мектептин 9-11-классынын окуучулары 22-апрелде акыркы тестке катышышты.

Гүлайым Майрикеева, методист:
— Бул бүт эле мектепте бир жылда үч жолу болот. Биринчи жана экинчи сыналуучу тест болот. Үчүнчүсүндө болсо негизгиси болот. Биринчи, экинчи сыналуучу тестке катышкан окуучулар чейректеринен оозэки сабактардан бошотулушат. Ал эми негизги тесттен мамлекеттик экзамендерден, эгер бала ошол тесттин баасына макул болсо бошотулат. Жети мектеп катышып кетишти. Балдардан болсо каалочулар катышышат. Бул жерде чек жок, эгер бала кааласа катыша берсе болот. Тандоодо кайсы предметти тандап алып, ошондон экзамен бере турган болсо, ошондон бошотулат.
Манзура Султаналиева, соц педагог:
— Биздин мектепте ар бир бала өз билимин текшерүү үчүн, жогорку билим, сапаттуу билим алыш үчүн, өзүнүн деңгээлин такташ үчүн келишет. Мен оюмча, ар кимдин өзүнүн көздөгөн билимдерине жараша кенен даярданып, жакшы ийгиликтерге жетет. Мисал үчүн, ар бир сабактан өздөрү тандашат. Кээ бир учурда сабактарды алмаштырып тандашат. Бардык сабактарда активдүү катышышат. Мен Орок орто мектебинен келдим. Бизде 9-класстардан 60 окуучу келди, 10-11-класстардан 25тен киши келишишти. ЖРТга катышуучу 11-класстар ошол тесстен өзүн текшеришет. Тестке 9-класстар орто билимин текшерип кетишет.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы.
Редактору: Ууржан Молдокулов.