Болот Сагынбеков чоподон фигураларды жасай баштаганына 25 жылдай убакыт болгон. Ал учурда Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Мамыралиев мектебинде кол эмгек сабагынан берет.
Анын айтымында, чопо эки түргө бөлүнөт: ак жана кызыл. Ал чопону Ысык-Ата, Ивановка айылдарынан алат. Чопону камыр сыяктуу жууруп, форма жасап кургаткандан кийин боёп лактап коёт.


Болот Сагынбеков:
— Жогорку окуу жайын бүтүп, башка мектептерде дагы иштегем. Байтик айылында, Баш кара сууда сабак бергем. Быйыл Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде сабак берем. Ал эле эмес, мен ийримден да берем. Ийримден мен чопо менен иштегенди үйрөтөм. Ийрим жумасына эки гана жолу болот, дүйшөмбү анан жума күндөрү. Бизден чыккан чополордун өңдөрү кызгылт болот. Ак чопо деген Украинадан келет. Ал чопону сууга эзип даярдап, андан кийин 1-2 күн коюп камыр сыяктуу кылып жууруп туруп, чоподон ар кандай формаларды жасайт. Мектепте биз аны бышырбай эле кургатып, боёп, лактап көргөзмөлөргө алып барып катышып жатабыз.
Даярдагандар: Акыл Манасбек уулу, Калыс Кылычбеков.
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу.